МУРЗАХМЕДОВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУРЗАХМЕДОВА Гүлнара Мурзалиевна (29. 8. 1961-жылы туулган, Токмок ш.) - адабиятчы, филология илимдеринин доктору (2010). Свердлов ш-ндагы М. Горький атындагы Урал мамлекеттик университетин 1985-ж. бүтүргөн. Эмгек жолун 1978-ж. Токмок ш-нда­гы «Сверл» заводунда техник болуп иштөөдөн баш­таган. 1985-93-ж. КМУда окутуучу, 1994-99-ж. КР ТИМде илим-изилдөө жана редакциялык-басма бөлүмүнүн начальниги, басма сөз кызматынын референти, КРдин Президентинин басма сөз кыз­матынын жетекчиси, 1999-2009-ж. «КООРТ» те­лекомпаниясынын башкы директору, 2009-жыл­дан И. Арабаев атындагы КМПУда окутуучу. 40тан ашык илимий эмгектин (анын ичинде 1 окуу курал, 2 моно­графия) автору.

Эмг.: Факт и вымысел в романе Т. Касымбекова «Сломанный меч»//Известия ВУЗов. № 3-4. 2008; Историческая романистика Т. Касымбекова и её место в развитии жанра. Б., 2009.