МУРАД ХАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:16, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУРАД ХАН (1805-45) - Кокон ханы (1845), Алим хандын уулу. 1845-ж. жай айында Буха­ранын эмири Насрулланын түрткүсү менен козго­лоң уюштуруп, Шераалы хан өлтүрүлгөндөн кий­ин жети (башка маалыматтарда он бир) күн такка отурган. Бирок Мусулманкул тез арада кол курап, хандын ордосун басып алган. М. х. өлтүрүлүп, такка 14 жашар Кудаяр ханды отур­гузган жана Мусулманкулдун өзү аталык (регент) болуп калган.