«МУҢДУК, ЗАРЛЫК»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«МУҢДУК, ЗАРЛЫК» - түрк элдеринде орток айтылган элдик поэма. Жанрдык жактан ал­ганда жомоктук сюжеттин негизинде түзүлгөн. «М., 3.» поэмасы кыргыздарда кеңири тарал­ган. Б. Байсынова, Н. Самсалиев, М. Күрөңкөев, Үмөт Молдо, Б. Алыкулов, К. Салибаевдерден жазылып алынган. Б. Байсынова менен Н.

Самса­лиевдин варианты жөө жомок түрүндө; М. Кү­рөңкөев, Үмөт Молдо, Б. Алыкулов, К. Салибаев­дин варианттары эпикалык салттуулуктун не­гизинде түзүлгөн. Сюжети: Жанчаркан деген хан кырк аял алса да балалуу болбой, алтымышка келгенде бала төрөп берчү кыз издеп, Каныша­йым деген жаш кызга баш кошот. Канышайым эгиз - бир уул, бир кыз төрөйт. Күнү кырк ка­тын Канышайымдын балдарын күчүккө ал­маштырып коюп, ууда жүргөн Жанчар ханга кабар айттырат. Балдарды сууга ыргыт деп мас­тан кемпирге беришет. Мастан кемпир сууга таш­таганга колу барбай, балдарды тоодогу бир үңкүргө таштап келет. Жанчар хан «эки күчүк төрөгөн» аялына каарданып, Канышайымды күчүктөр менен кошо токойго алпарып таштап салат. Үңкүрдө калган балдарды кайберен эми­зип чоңойтот. Поэманын акырында Жанчаркан ууда жүргөн жеринен балдарга жолугуп калат. Ал балдар Жанчаркандын балдары болуп чы­гат. Балдардын энеси Канышайымды таап, жыр­гап-куунап жашап калышат. Кырк аял өз жа­засын алат. Мына ушул негизги окуянын ай­ланасына көптөгөн көөнө мотивдер, окуялар кошулуп отуруп, кызыктуу сюжет жаралган. «М., 3.» поэмасы кыргыз фольклорундагы эпи­калык жанрдын катарын байытып, анын жара­луу, өсүү, калыптануу тарыхынан кабар берет.

Ад.: Орозова Г. Түрк элдеринин поэмалары: тары­хый процесс жана эпикалык байланыш. Б., 2000; Мундук, Зарлык. Эл адабияты сериясы. 11-том. Б., 2002; Кыргыз адабиятынын тарыхы. 3-том. Б., 2004.