МУҢГУШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУҢГУШ - кыргыздын оң канатына таандык уруулардын бири. Кыргыз санжырасы боюнча Ак уулдун балдары М., Адигине, Тагай жана Наа­лы эже болуп эсептелет. Жазма маалыматта (к. «Мажму ат-Таварих») да Адигине, Тагай, Кара Багыштар менен бирдикте Отуз уулдун (огул) бир уулу катары эскерилет. М-тар азыркы учурда жагалмай жана кош тамга деген эки бөлүктөн туруп, негизинен адигине уруулары менен бирге Фергана-Алай, Талас-Чаткал өрөөндөрүндө, КЭР­де (Улуу-Чат, Какшаал) турушат.

Р. Жолдошев.