МУНИЦИПАЛИТЕТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУНИЦИПАЛИТЕТ (латынча Мип1с1р1ит, немисче МипххграНШ, фр. МшшйраШё) - өзүн өзү баш­каруу бирдиги, башкача айтканда белгилүү бир аймакты (не­гизинен кыштак, шаар), анда жашаган калкты камтыган жергиликтүү администрациялык бирдик. Көпчүлүк өлкө­лөрдө анын эки түрү сакталган. Биринчисине башында мэр же шаардык кеңеш (муниципал­дык кеңеш) туруп, чоң-чоң шаар аймактарын кучагына алган администрациялык бирдиктер кирет. Ал эми кээ бир өлкөлөрдө өзүн өзү башкаруу система­сына ылайык шайланма орган башкарган эң төмөнкү администрациялык бирдик М. болуп эсептелет.