МУКАМБАЕВ Жээнбай

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:16, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУКАМБАЕВ Жээнбай (20. 2. 1929, азыркы Ысык-Көл обл., Түп р-ну, Күрмөнтү айылы - 9. 10. 1989, ошол эле жер) - тилчи, филология илимдеринин кандидаты (1954). Кыргыз ССРинин Эл агартуу отличниги (1977), СССРдин Эл агартуу отличниги (1981). Пржевальск (азыркы Кара­кол ш-ндагы) мугалимдер институтун (1949), Биш­кек ш-ндагы мурдагы М. В. Фрунзе атындагы педагогикалык институтунун кыргыз тили жана адабияты факультетин бүтүргөн (1951). КМУнун филология факультетинде окутуучу (1954-57), доцент (1957, 1961), декандын орун басары (1959-60), декан (1962-69), проф. (1969- 89) болуп эмгектенген. М. кыргыз тил илими­не, анын ичинде кыргыз диалектологиясына чоң салым кошкон. Медалдар менен сыйланган.

Эмг.: Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгү. Ф., 1972; Б., 2009.