МУЗЫКАЛУУ КОМЕДИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:16, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУЗЫКАЛУУ КОМЕДИЯ - күлкүлүү мүнөздөгү музыкалык-сахналык чыгарма; музыкасы обондуу ыры жана кара сөзү бар күлкүлүү операнын бир түрү. М. к. түшүнүгү опера-буффа, оперетта, комедия­лык опера, комедия-балет, зингшпиль, воде­виль, тонадилья жана мюзикл сыяктуу музыкалык-сах­налык жанрларды мүнөздөөдө да колдонулат. М. к. өз алдынча жанр катары 19-к-дын аягы - 20-к-дын башында калыптанган. Опереттадан айырмаланып, М. к-га жөнөкөй ыр, элдик бий жанрларын кеңири пайдалануу мүнөздүү. Мисалы, И. Дунаевскийдин «Эркин шамал», «Ак ака­ция», А. Новиковдун «Василий Теркин», У. Га­жибековдун «Аршин мал алан», В. Соловьёв­Седойдун «Ишенимдүү дос», Н. Давлесовдун «Аста-секин, колукту», А. Аманбаевдин «Бой­доктор» ж. б.