МУЗДАК АБА МАССАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУЗДАК АБА МАССАСЫ - абанын температурасы ага чектешип турган фронт аркылуу башка аба массасынан кыйла төмөн болгон аба агымы. Жылуураак чөйрөнү (көбүнчө төмөнкү кеңдик­терди) карай оошуп, суук аба ырайын пайда кылат. Оошуп келген М. а. м. салыштырмалуу жылуу кыртыштын үстүндө орун алгандыктан, анын асты жылып, түрмөктөлгөн-жаанчыл бу­луттарды пайда кылат да, нөшөрлөгөн жамгыр жаадырат.