МУЗДАБАС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУЗДАБАС - Ат-Башы р-нундагы суу, Ак-Сай суусунун сол куймасы. Уз. 36 км, алабынын аянты 207 км. Ат-Башы тоосунун түштүк капта­лындагы мөңгүлөрдөн башталып, кууш өрөөн менен түштүктү карай агат. Ак-Сай өрөөнүнө чык­канда нугу кеңейип, салааларга бөлүнүп кетет. Негизинен кар, булак сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 0,8-1,8 м?/сек. Эң көп чыгымы июль-августта, азы февраль-мартта байкалат. Апрель-сентябрда кирип, октябрь­мартта тартылат.