МӨМӨ БАГЫН ЖАШАРТУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:16, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МӨМӨ БАГЫН ЖАШАРТУУ - мөмө багынын жалбырак байлабаган эски бутактарын кыюу; өсүмдуктүн түшум берүү мөөнөтүн узартуу ык­маларынын бири. Мөмө багынын өсүшу начар­лаганда, жоон өркүн, же уюл пайда бблгондо, гул бүчурлөрү өтө көбөйгөндө колдонулат. Көпчулүк учурда 20-25 жылдык алма, алмурут дарактары, 10-15 жылдык кызыл өрүк жана шабдалы, гилас, чие жана кайналы дарактары жашартылат. Мөмө багын бир аз жашартуу, жашартма кыркуу жана өтө жашартууга болот. Бир аз жашартууда мөмө багынын негизги (скелет) бутактары ыңгайлуу жакты көздөй каптал бутагына чейин кыскартылат. Мөмө байлабай, куурай баштаган кезде ж а­ш а р т м а кыркуу (3-6 жылда бир жолу) ыкмасы колдонулат. Өтө жашартуу­д а 1-жылы негизги бутактардын 2/3 бөлүгү, кийинки жылдары калган майда бутактары кыркылат. Өтө жашартуудан кийин бир нече өркүндөр өсүп чыгып, 3-4 жылдан кийин жаңы шак пайда болот.