МОХАЧ САЛГЫЛАШЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОХАЧ САЛГЫЛАШЫ - түрк султаны Сулей­ман I Кануни менен венгр королу Лайош Пнин аскерлеринин ортосунда болгон салгылашуу. М. с. 1526-ж. 29-августта Мохач ш-нын (Венг­рия) жанында Дунайдын оң жээгинде болгон. Салгылашууда Лайош Пнин аскерлери жеңи­лип, өзү артка чегинүү учурунда каза болгон. Түрктөрдүн жеңиши менен Венгр королдугунун көпчүлүк бөлүгү Осмон империясынын бийли­гине өтүп, Чехияда Габсбургдардын бийлиги ор­ногон.