МОХАММЕД РЕЗА ПЕХЛЕВИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:16, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОХАММЕД РЕЗА ПЕХЛЕВЙ (26. 10. 1919, Иран, Тегеран - 27. 6. 1980, Египет, Каир) - Ирандын акыркы шахы (1941-79). 1925-30-ж. Персия кадет корпусунда, кийин Швейцария­дагы ТпзШи! Бе Козеу мектеп-пансионунда, 1936- 38-ж. Тегерандагы офицер­дик окуу жайында окуган. 1941-ж. англ. жана советтик аскер күчтөрү Иранды оккупация­лап, М. Р. П-нин атасы Ре­за Пехлеви тактан кетип, сүргүнгө айдалганда, М. Р. П. Ирандын шахиншахы деп жарыяланган. Өзүнүн өк­мөтү менен бирге Улуу Бри­тания жана СССР менен достук мамиле түзөрүн бил­дирип, 1942-ж. алар менен союздук келишимге кол койгон. 1943-ж.

9-сентябрда шах өзүнүн жар­лыгы менен Германияга согуш жарыялаган. 1953-ж. шах премьер-министр Мосаддыкты ке­тирип, бийликти толугу менен өз колуна алган. 1955-ж. Ирандын Багдад пактысына (СЕНТО) кошулгандыгы жөнүндөгү мыйзамга кол койгон. Шах Перс булуңундагы монархияларды колдоп турган. Йемендеги жарандык согуштун учурун­да (1962-70) монархисттерге, 1973-ж. Оман өлкө­сүнө жардам көрсөткөн. СССР менен достук мами­леде болгон. 1956-, 1965- жана 1972-жылдары

М. Р. П. СССРге келип кеткен. 1963-, 1966- жана 1972-ж. Иран менен СССРдин ортосунда экономикалык жана техникалык чөйрөдө кызматташуулар боюнча келишимдер түзүлгөн. 1973-ж. шахтын буйругу менен Иранда авторитардык бир партиялуу режим киргизил­генетикалык 1979-ж. Ислам Иран революциясынан (1979) кийин Ирандан куулган.