МОСКОВ
МОСКОВ Николай Андрианович (4. 12. 1897, Астрахань обл., Икряненский р-ну, Бахтемир айылы - 1981, Бишкек) - милициянын 2 рангадагы комиссары (генерал-лейтенант, 1960). СССР ИИМдин Могилёв борбордук жогорку мектебин бүткөн (1933). 1919-22-ж. Украинада Совет бийлигин бекемдөө үчүн күрөшкөн. 1925-28-ж. Днепр обл-нда аймактык милициянын начальниги, 1928-30-ж. Новомосковск ш-нда милициянын райондук бөлүмүнүн начальниги, 1935- 37-ж. Днепр обл. милиция башкармалыгынын начальнигинин орун басары, 1937-40-ж. Полтава обл. милиция башкармалыгынын начальниги, 1940-41-ж. Латвия ички иштер эл комиссарынын орун басары, 1941-49-ж. Воронеж

обл. милиция башкармалыгынын начальнигинин орун басары, начальниги, 1949- 54-ж. Кыргыз ССР Ички иштер министри, милиция башкармалыгынын начальниги-министрдин орун басары, 1954-60-ж. Кыргыз ССР ички иштер министри болуп иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты.
Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган.