МОСКВА (дарыя)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:16, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОСКВА - Москва, айрым бөлүгү Смола обл. аркылуу аккан дарыя, Оканын сол куймасы. Уз. 473 км, алабынын аянты 17,6 миң км2. Смо­ла-Москва дөңсөөсүнөн башталат. Кар, ошондой эле кыртыш, жамгыр сууларынан куралат. Негиз­ги куймалары: Руза, Истра, Яуза (сол), Пахра, Северка (оң). Орт. чыгымы 109 м3/сек. Ноябр­дан апрелге чейин тоңот. Агымы суу сактагыч­тар (Можайск ж. б.) жана плотиналар менен жөнгө салынган. Москва атындагы канал жана Вазуза гидро­техникалык курулмасы аркылуу Волга менен туташат. Суу менен камсыз кылууда жана кеме каттоодо пайда­ланылат. Москва ш-нын чегинде жана андан төмөн кеме жүрөт, шлюздар курулган. Боюнан Можайск, Москва, Воскресенск, Коломна ж. б. шаарлар орун алган.