МОСКВА КӨРКӨМ ӨНӨР ЖАЙ АКАДЕМИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:16, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОСКВА КӨРКӨМ ӨНӨР ЖАЙ АКАДЕМИЯ­СЫ Строганов атындагы (мурунку Строгановка) - Россиядагы ө. ж., монумент-жасалга, колдон­мо искусство, интерьер жасалгалоо боюнча жогорку квалификациядагы чеберлерди даярдап чыга­РУУчу жогорку окуу жайы. 1825-ж. белгилүү ар­хеолог, граф С. Г. Строганов Жогорку көркөм­өнөр жай окуу жайы катары негиздеген. 1843- жылдан мамлекеттик окуу жай, 1860-жылдан техникалык сү­рөт тартуу боюнча С. Строганов окуу жайы деп атал­ган. 1917-ж. Октябрь революциясынан кийин окуу жайы кайра түзүлгөн. Ал бара-бара мамлекеттик эр­кин көркөм өнөрканалардын курамына, андан соң Вхутемас жана Вхутеиндин курамына кир­генетикалык 1945-ж. өкмөттүк чечим менен Москвадагы жогорку көркөм ө. ж. окуу жайы түзүлгөн (1992-ж. С. Г. Строганов атындагы Москва көркөм ө. ж. институту, 1996-жылдан С. Г. Строганов атындагы Москва мамлекеттик—көркөм ө. ж. университети, 2009-жыл­дан С. Г. Строганов атындагы Москва мамлекеттик көркөм ө. ж. академиясы). Анда сүрөтчүлөрдүн бир кан­ча муундары фундаменталдык билим алышкан. Студенттерди даярдоонун окуу-педагогикалык жана чыгар­мачыл өндүрүштүк системасы ар кандай шарт­тарда студенттердин ар тараптуу теориялык даярды­гына жана практикалык ыктардын комплексин үйрөнүүсүнө багытталган. Окуу жайдын калып­танышына жана өнүгүшүнө искусство жана архитектура че­берлери С. В. Иванов, М. А. Врубель, А. В. Щу­сев, В. И. Мухина, Е. Ф. Белашова, В. А. Вата­гин, С. В. Герасимов, Г. А. Захаров өз салымда­рын кошушкан. Кыргызстандык Т. Садыков (1962- 64), Т. Т. Герцен (1960-66), А. Н. Каменский (1949-56) ж. б. скульптор сүрөтчүлөр ушул окуу жайдан билим алышкан.