МОҢГОЛИЯ
МОҢГОЛИЯ, Моңгол Улс - Борбордук Азиядагы

мамлекет. Түштүк-чыгышынан жана батышынан
<thead></thead><tbody></tbody>
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2010) | |||
|---|---|---|---|
Аймактары | Аянты, км2 | Калкы, • миң | Администрациялык борборлору |
Улан-Батор* Архангай | 4 704 55 314 | 1240,0 84,6 | Цэцэрлэг |
Баян-Улгий | 45 800 | 88,1 | Улгий (Өлгий) |
Баянхонгор | 115 978 | 86,1 | Баянхонгор |
Булган | 48 650 | 53,1 | Булган |
Гов-Алтай | 141 442 | 53,6 | Алтай |
Говь-Сумбэр* | 5 540 | 13,2 | Чойр |
Дархан-Уул* | 3 280 | 94,6 | Дархан |
Дорноговь | 115 016 | 58,6 | Сайншанд |
Дорнод | 123 597 | 69,6 | (Буянт-Уха) Чойбалсан |
Дундговь | 74 514 | 38,8 | Мандалгоби |
Завхан | 82 457 | 65,5 | (Мандал-Говь) Улясутай |
Орхон* Сэлэнгэ | 844 41 204 | 90,7 97,6 | (Улиастай) Эрдэнэт Сухэ-Батор |
Сухэ-Батор | 82 286 | 51,3 | (Сүхбаатар) Баруун-Урт |
Т-уве | 74 800 | 85,2 | (Баруун-Урт) Зуунмод (Дзун- |
Увс | 69 585 | 73,3 | Мод) Улангом |
Уверхангай | 63 295 | 101,3 | (Улаангом) Арвайхээр |
Ховд | 76 061 | 76,9 | (Арвайхэр, Арвайхэрэ, Арбай-Хэрэ) Ховд (Кобдо, |
Хувсгел | 109 600 | 114,9 | Дунд-Ус) Мурэн (Мөрөн) |
Хэнтий | 80 300 | 65,8 | Ундерхаан |
Умнеговь | 165 381 | 61,5 | (Өндөрхаан) Даландзадгад |
Эскертүү: жылдызча (*) менен кичи аймактары жана Монголиянын борбору белгиленгең...
Кытай, түндүгүнөн Россия менен чектешет. Аянты 1564,1 миң км2. Калкы 3,0 миллион (2010). Борбору - Улан-Батор ш. (айланасындагы аймактар менен өзгөчө администрациялык аймак болуп бөлүнгөн). Администрациялык-аймактык жактан 18 (3 кичи) аймакка бөлүнөт. Акча бирдиги - тугрик.
М. - БУУнун (1961), ЭВФтин (1991), Буткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1997), Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун, Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1991), ЮНЕСКОнун ж. б. мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү. М. -
унитардык мамлекет. Конституциясы 1992-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы - парламенттик республика. Мамлекет башчысы - президент (4 жылга шайланат). Президент өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - парламент (Улуу мамлекеттик хурал). Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген өкмөт ишке ашырат. Өлкөдө көп партиялуу саясий система орун алган. Саясий партиялары: М. демокр. партиясы, М. социал-демокр. партиясы, Жашылдар партиясы жана Диний демокр. партиясы ж. б.
Табияты.
Борбордук Азиянын түндүк-чыгышында мелүүн алкактын талаа, жарым чөл жана чөл зоналарын ээлейт. Түштүк-батышында Моңгол Алтайы жана Хангай тоолору (бийикт. 4,4 миң м), борбордук бөлүгүн Хэнтэй бөксө тоосу, түштүк-чыгышын Гоби чөлү, түндүк жана түндүк-батышын Чоң Көлдөр өрөөнү ээлейт. М-ын рельефинде негизинен бийикт. 900-1500 л«ге чейинки платолор жайгашкан. Эң бийик жери Гоби Алтайындагы - Куйтэн-Уул чокусу (бийикт. 4374 м), төмөнкүсү - Хух-Нур ойдуңу (518 м). Платолордун үстүнөн тоо массивдери жана кыркалары көтөрүлүп чыгып турат. М-ын түндүк-батышында Сибирь менен чектешкен жеринде бир массивди түзбөгөн бир нече тоо кыркалары (Хан-Хухей, Улан-Тайга, Чыгыш Саян) жатат. М-ын Улан-Батор ш-нан чыгыш жана түштүк тарапты (Кытай менен чек араны) көздөй Моңгол платолору жапыздап, бара-бара түздүктөргө (чыгышын-

Түштүк Гоби аймагы.
да жалпак жана түз; түштүгүндө дөңсөөлүү) айланат. Жер астындагы суулар жер бетине жакын жайгашкан. Дарыялары тоолордон башталып, көпчүлүгү Түндүк Муз жана Тынч океанга куйган Сибирдин жана Ы. Чыгыштын ири дарыяларына таандык. Ирилери: Селенга (М-ын чегинде 600 км), Керөлөң (1100 км), Онон (300 км), Халхин-Гол, Кобдо ж. б. Ири көлдөрү: Убсу-Нур, Хара-Ус-Нур, Хиргис-Нур, Хубсугул ж. б. Климаты кургак, кескин континенттик мелүүн. Кышы суук, жайы ысык. Январдын орт. температурасы -35...-10°Ска чейин. Июлдуку 15-26°Ска чейин. Жылдык жаан-чачын саны 100-200 мм (тоолордо 500 лгл«ге чейин). Жери коңур жана күрөң топурактуу, түндүк жана түндүк-чыгышында талаа (тулаң, элимус, коңур баш, карагай, чий, шыбак ж. б.), тоолорунда токойлуу талаа, түштүгүндө жана Чоң Көлдөр чуңкурдугунда жарым чөл жана чөл өсүмдүктөрү өсөт. Өсүмдүктөрү жергиликтүү климаттык шартка ылайыкташкан. Аймагынын 10% ин токой ээлейт. Чоң
Гоби коругу жана көптөгөн резерваттар уюштурулган.
Калкы.
Калкынын негизин халха моңголдору (81,8%) түзөт. Ошондой эле ойроттор (8,1), казактар (4,4) ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Калкынын саны боюнча 133-орунда. Расмий тили - моңгол тили. Динге ишенгендер - ламачылар (буддисттер, тибеттик гелук буддизм мектеби бар). Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 1,8 киши. Калкынын жашынын орт. узактыгы эркектериники -
62 жаш, аялдарыныкы - 65. Төрөлүүнүн деңгээли жогору (1000 адамга 23,6), өлүм-житим төмөн (ЮООге 8,2). Шаар калкы 57% (2008). Ири шаарлары: Улан-Батор, Дархан, Эрдэнэ.
Тарыхы. М.
аймагын адам алгачкы палеолиттин аягынан (болжол менен мындан 200-100 миң жыл мурда) мекендеген. Мындан 40-12 миң жыл мурда Моңголиянын борбордук бөлүгүндөгү, чыгыш аймактарындагы жана Гобидеги эзелки уруулардын матриархалдык-уруулук түзүлүшү калыптанган. Биздин заманга чейинки 2-1-миң жылдыктын ортосунда М-да жез, коло буюмдар жасала баштаган (к. Карасук маданияты.). Коло доорунун аягында, темир доорунун башында (биздин заманга чейинки 1-миң жылдык) моңгол урууларында патриархалдык уруулук түзүлүш калыптанган. Биздин заманга чейинки 4-3-к-да феодалдык коом калыптана баштаган. М-ын азыркы аймагында алгач түзүлгөн хунну урууларынын союзу (биздин заманга чейинки 3-к. - биздин замандын 1-к.) кулап, сян-" би урууларынын союзу менен алмашылган. 4-10- к-да Жужан, Түрк, Уйгур, Кыргыз кагандыктарында феодалдашуу процесси өрчүгөн. 13-к-дын башында чоён Темучиндин башчылыгы менен эң күчтүү үч мамлекет (1202-ж. татарлар, 1203-ж. кереиттер, 1204-ж. наймандар) багынып, бир борборго баш ийген мамлекет түзүлүп, 1206-ж. улуу курултайда Темучин улуу хан - Чыңгызхан болуп жарыяланган. 13-к-дын ортосуна чейин Азиянын басымдуу бөлүгүн жана Кытай аймагын (Улуу хандын улусу), Орто Азия (Чагатай улусу), Иран, Киев Русунун бир бөлүгүн (Жучу улусу же Алтын Ордо) каратып, Русту моңголтатар эзүүсүнө баш ийдирген. Ошентип, Евразия континентинде кеңири аймакты ээлеген Моңгол империясы. түзүлгөн. Империяны башкарууда Чыңгызхан Улуу Ясо мыйзамдар жыйнагына жана мусулман-кытай кеңешчилерине таянган. 13-к-дын 70-жылдарында Хубилай (Чыңгызхандын иниси) Кытайды басып алып, Юань империясын негиздеп, Кытайды Улуу хан жана император катары башкарган. Бирок бирдиктүү экономикалык базасы жок жана ички карама-каршылыктары ырбаган Моңгол империясы начарлай баштаган. 1351-ж. моңголдорго каршы көтөрүлүштө Юань империясын талкалап (1358), Кытай Моңголиядан бөлүнгөн. Куликовдогу салгылашуу (1380) Русту моңгол-татар эзүүсүнөн бошотуунун башталышы болгон. 14-к-дын 2-жарымында моңголдор Ирандагы, Закавказьедеги, О. Азиядагы үстөмдүгүнөн ажырап, 14-к-дын акыркы чейрегинде Моңгол империясы толук кулаган. 1368-ж. Кытайдан куулган Чыңгызхандын жана Хубилайдын тукумдары мекенине келип, ойроттор (моңгол уруусунан) бийлигине кабылган. 16-к-да моңголдор бытырандылыкка учурап, үчкө (Ички Моңголия - азыркы Кытай автономиялык району; Сырткы Моңголия, азыркы Моңголия мамлекети; Ойрот-Моңголия - Жунгар хандыгы) бөлүнүп, 1758-1911-ж. Кытайдын Цинь империясынын (1644-ж. манжурлар негиздеген) курамына кирген. Моңгол элинин узак убакыт мйнжур үстөмдүгүнө каршы улуттук-боштондук күрөшү көз каранды эмес М. мамлекетинин жарыяланышына жана Богдо-гэген (монарх, чиркөө башчысы) башында турган феодалдык-теократиялык монархиянын түзүлүшүнө алып келген (1911-ж. ноябрь). 1915-ж. Кытай, Росс.ия жана Моңголия ортосунда түзүлгөн Кяхта келишими боюнча Кытайдын сюзеренитетиндеги Сырткы Моңголия автономиясы расмий түрдө таанылган. 1919-ж. Кытай өкмөтү М. аймагын басып алууга аракеттенген. Бирок, 1921-ж. өлкөгө Советтик Россиянын аскерлери киргизилип, 1924-ж. ноябрда Моңгол Эл Респ. (МЭР) жарыяланган. 1928-ж. Хорлогийн Чой-
балсан бийликке келип, коллективдештирүүнү ишке ашырган, динге тыюу салган, «эл душмандарын» жана будда монастырларын жойгон, саясий репрессияга жол берген. МЭРдин жаңы коомго өтүүсүнө СССР материалдык жана моралдык жардамын аяган эмес. 1945-ж. 10-августта МЭР Японияга каршы согуш ачып, Советтик Армиянын япон аскерлерин талкалоосуна катышкан. Согуштан кийин МЭРдин эл аралык абалы чыңдалып, Крым конференциясында (1945) анын эгемендиги ырасталган. 1946-ж. февралдан СССР менен МЭРдин өз ара достук, кызматташтык байланышынын жаңы этабы башталган. МЭРде социалисттик өндүрүш мамилелери калыптанып, 1960-ж. тарыхый өнүгүү шартына ылайык жаңы конституциясы кабыл алынган. М. 1961-жылдан ББУга мүчө. 1990-ж. социалисттик лагерь ыдырап, СССРдин кыйрашы менен М-да демокр. жана экономикалык реформалар башталып, а. ч., ө. ж. ишканалары, соода жана тамак-аш жайлары бүтүндөй менчиктештирилген, 1996-ж. июндан 2000-ж. июлга чейин өлкөнү коалициялык өкмөт башкарган. 2000-ж. шайлоодо бийликке кайра Моңгол элдикреволюциячыл партиясы (МЭРП) келген. 2008-ж. 29- июндагы шайлоодо МЭРП жеңишке жеткен (76 депутаттык орундун 46сын ээлеген). 2009-ж. 18- июндан өлкөнүн президенти - Цахиагийн Элбэгдорж (оппозиция лидери).
Экономикасы.
М. - экономикасы начар өнүккөн өлкө. Чарбасы рынок шартына ылайык өздөштүрүлүп өнүгүүдө. ИДПнин көлөмү 9,46 миллиард АКШ доллары (2009), аны киши башына бөлүштүргөндө 3,2 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 49,3, ө. ж-дыкы 29,5, а. ч-ныкы 21,2. Экономиканын негизин тоо-кен иштетүү ө. ж. жана а. ч. түзөт. Жез, молибден, калай, вольфрам өндүрүп, кайра иштетет. Ошондой эле таш көмүр (Табан-Толгой тоо массиви) жана күрөң көмүр (Налайха, Шарынгол, Дархан, Баганур), нефть, алтын, флюорит казылып алынат. 2009-ж. 4,3 миллиард кВт-с электр энергиясы (ЖЭБ) өндүрүлгөн. Малдан алынган продуктуларды (жүндү иштетип кашемир алуу боюнча дүйнөдө алдынкы орунда) кайрадан иштетет. Норту, териден тон тигүү, эт-сүт, килем токуу ө. ж жана кол өнөрчүлүк өнүккөн. Жыгаччылык жана металл иштетүү ишканала-
ры иштейт. А. ч-нын негизги тармагы - жайытта багылма мал чарбачылыгы. Кой, эчки, жылкы, төө, бодо мал (уй, топоз, сарлык) асыралат. Автомобиль жолунун уз. 50 миң км (2012; анын ичинде асфальтталганы 3,7 миң), т. ж-нуку 1,8 миң км, ички суу жолунуку 580 км. Экспортко жез концентраттарын, кийим-кечек, мал, эт, жүн, тери, териден жасалган продукция, флюорит, түстүү металл жана алардын концентраттарын, таш көмүр чыгарат. Негизги соода шериктештери: Кытай, Россия, Япония, Казакстан.
Маданияты.
Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону, 9 жылдык милдеттүү билим берүүнү, орто жана жогорку билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 92% ти түзөт (2008). М. мамлекеттик университети, техникалык, а. ч., медицина ж. б. тармактык университеттери, анын ичинде Улан-Батор ш-нда Буддизм жогорку мектеби (1976), Көркөм сүрөт окуу жайы (1949) бар.
Массалык-маалымат каражатт а р ы. М-да 1972-жылдан орус, кытай тилдеринде гезиттер, коомдук-саясий, адабий-көркөм журналдар чыгат. 1934-жылдан радио уктуруусу, 1967-жылдан телекөрсөтүүсү иштейт. УланБатордо 1967-ж. телеборбор курулган. Учурда 37 радиостанция, 32 телестудия, кабелдик 13 каналы (2012), ошондой эле өкмөттүк Моңгол телеграф агенттиги (МОНЦАМЭ, 1957) бар.
Адабияты. Моңгол фольклору ыр, болмуш, баатырдык баян, жомок, йорол (каалоо), магтаал (мактоо), сургаал (насаат), уламыш, табышмак, макал-ылакап ж. б. жанрларга бай.
Фольклордук салттын эпикалык адабиятка мыктап байыр алышы Гэсэр-хан жөнүндөгү дастандын, «Жангар» эпосунун кеңири маалым болушуна өбөлгө болгон. Юань империясынан тарта (13- к-дын 70-жылдары - 1368) котормо адабияты өнүккөн. «Ганжуранын» 108 тому, «Данжуранын» 225 тому жүз жылдап которулуп, 18-к-да басылып чыккан. 1920-жылдары Ц. Дамдинсурэндин «Толбо көлү» (Улаан-оторч), «Куугунтук жеген кыз» повесттери, Нацагдорждун 30-жылдары жаралган «Муңайым адыр» музыкалык драмасы моңгол адабиятында социалисттик реализмдин ийгилиги катары бааланат. 1940-50-жылдары адабиятка түп көтөрө кирген акын-жазуучулар согуш, моңголсовет достук темасында чыгармалар жаратышты.
1990-2000-жылдары М. адабиятында Чыңгызхан жөнүндө роман-повесттер жаралды («Сүт чачылган тоо», С. Товууджор; «Чыңгызхандын жашыруун тарыхы», С. Жаргалсайхан, Л. Удавл, экөө тең - 2003; «Кызыл жамынгычтардын толкуну», Ц. Доржготов, 2005).
Арх раж асүрөтиск восу. М-ын аймагында 9-13-к-дагы шаар калдыктары сакталып калган. 16-к-дан - 20-к-дын башына чейин Кытай жана Тибет архитектурасынын таасиринде ак сарайлар, храмдар жана мунара сымал субургандар курулган. Эл чеберлери боз үйдүн уук-керегелерин, кийиз жабдууларын кооздоп жасашкан, элдик революция жеңгенден кийин жаңы шаар курулушу (Дархан, Налайхо, Сайн-Шанд) тездетилип, калк жашаган эски пункттар кайрадан курулган. 1960-70-жылдары курулуштун индустр. методу кеңири жайылтылган. МЭРдин аймагындагы байыркы искусствонун үлгүлөрүнө аска, башка чоң таштарга түшүрүлгөн сүрөт-чиймелер, таш скульптуралар, кийиз, коло ж. б. материалдардан жасалган буюмдар кирет. О. кылымдагы живопись жана скульптурасы (коло, жыгач) диний мүнөздө болгон. 50-жылдардын башында сүрөтчүлөр Ядамсурэн, Сэнгэцохио, Дамдинсурэн улуттук живопистин ыкмаларын европа искусствосу менен ийгиликтүү айкалыштырышса, 50-жылдардын ортосунан графика (С. Нацагдорж, Сосой) менен скульптура (Чоймол, Жамба) өнүгө баштаган.
Элдик музыка маданиятынын өкүлдөрү: хурчу (хурда ойноочу), дуучу (ырчы), улигерчи (жомокчу). Байыркы музыкалык аспаптарынан кылдуу тартма хур жана лимбэден башка шанза (кылдуу чертме), хучира (кылдуу тартма) ж. б. таралган. М-да симфониялык оркестр, эл аспаптар оркестри, элдик революциялык армиянын ыр жана бий ансамбли, элдик ансамбль, музыкалык драма мектеби Улан-Батордо уюшулган. М-ын көрүнүктүү музыкалык ишмерлери: композиторлор - Б. Дамдинсурэн, Л. Мурдорж, Жамьяндагма; ырчылар - Ичинхорло, Доржидагва ж. б. Композиторлор союзу 1964-ж. уюшулган, Мамлекеттик филармония 1972-ж. ачылган.
Театр искусствосу. Моңголдордо театр элементтерин камтыган бий (биелэг бийи), турмуштук ырым-жырымдар - мурдатан эле келаткан көрүнүш. 19-к-дын 30-жылдарында алгачкы коомдук спектакль («Айлуу түндөгү күкүк») коюлган. М-да элдик революция (1921) жеңгенден кийин өздүк көркөм чыгармачылык кулач жаят. 1930-ж. Улан-Батордо театр студиясы ачылып, анын базасында 1931-ж. Моңгол мамлекеттик борбордук театры (1942-жылдан мамлекеттик музыкалык драма театры) түзүлөт.
1935-ж. Улан-Батордо «Моңголкино» киностудиясы курулуп, адегенде документ фильм, кийин 1937-ж. биринчи көркөм фильм тартылган. М-ын белгилүү фильмдери: «Эки малчы» (1955, реж. Ц. Зандра), «Бизге эмне жолто болуп жатат?» (1956, реж. Р. Доржпалам), «Натыйжа» (1968, СССР менен бирге, реж. Анын Ичинде Бобровский жанаЖ. Бунгар), «Элэлчиси» (1959), «Ташкын» (1966) ж. б. Көркөм фильм жана кыска метраждуу документ фильмдер чыгарылып турат. Киноишмерлери: актёрлор - Г. Гомбосурэн, Д. Ичинхорло ж. б.
Ад.: Викторова Л. Л. Монголы: происхождения народа и истоки культуры. М., 1980; История Монгольской Народной Республики. М., 1983; Природные условия, растительный покров и животный мир Монголии. Пущино, 1988; Экосистемы Монголии: распространение и современное состояние. М., 1995; Цултэм Н. Искусство Монголии с древнейших времён до начала XX в. М., 1996:'Кульганек И. В. Мир монгольской народной песни. СПб., 2001.
МОҢГОЛ КАРАТУУЛАРЫ (13-к.) —
Азия жана Чыгыш Европа элдерин талап-тоноо, кул кылуу жана алардан согуш олжолорун алуу үчүн моңгол феодалдары уюштурган казаттар. М. к. 1207-ж. башталып, анча-мынча тыныгуулар менен 13-к-дын аягына чейин созулган. 1207-19-ж. Сибирь, Чыгыш Түркстан жана Чыгыш Кытай аймагын, 1221-ж. О. Азияны басып алып, Ирандын түндүгү менен өтүп, Закавказьеге (Грузия, Азербайжан) кол салган. Каспий деңизиңин жээги менен (1222) алан жерине кирип, аларды талкалап, кыпчак талаасына чыккан. 1223-ж. 31-майда Калка д-нда салгылашта моңгол отряды биргелешкен орус-кыпчак аскерин жеңип, Днепр д-на чейин аларды кууп барган. Андан кайра тартып, Волганын ортонку агымынын боюна келген, бирок Волга-Кама Болгариясынан сокку жеп, Моңголияга (1224) кайра келгенетикалык 1229-ж. курултайда Үгөдөй хандыкка шайлангандан кийин М. к. эки багытта жүргүзүлгөн. Чыгышта Түндүк Кытай (1231-34), Кореянын көп бөлүгү (1273), батышта 1237-41-ж. орус шаарлары (Рязань, Владимир, Ростов, Углич, Ярославль, Кострома, Кашин, Кснятин, Городец, Галич-Мерский, Переяславль-Зелесский, Юрьев, Дмитров, Волок-Ламский, Тверь, Торжок, Киев, Владимир Волынский, Галич) М. каратылган. 1241-ж. жазында моңгол армиясы орустардын, чыгыш европа элдеринин баатырдык
каршылыктарынан абдан начарлаган, бирок батышты көздөй көшөрүп жыла берген. Батыйдын негизги күчү Карпаттан өтүп, Венгрияга, Полыпага (1241) кол салган, бирок Босния, Сербия жана Болгария аркылуу чегинүүгө аргасыз болуп, андан ары Борбордук Европага кол салуусу токтогон (1242). Кичи Азия жана Ж. Чыгышта М. к. бир кыйла узакка созулган. Закавказьени (1236), Хулагу менен Кош өзөн аралыгын (1256), Багдадды (1258) караткан. Моңгол аскерлери Сирияга кирип, Египетке кол салууга камынган, бирок 1260-ж. Египет султанынан сокку жеп, батыштагы М. к. аяктаган. 13-кдын 2-жарымында моңголдор Чыгыш жана Түш,- Чыгыш Азия өлкөлөрүнө бет алган. 13-к-дын 70-жылдарында Хубилай (Чынгызхандын иниси) Түштүк Кытайды басып алып, Юань империясын негиздеп, Кытайды Улуу хан жана император катары башкарган. Бирок бирдиктүү экономикалык базасы жок жана ички карама-каршылыктары ырбаган Монгол империясы начарлай баштаган. 1351-ж. монголдорго каршы көтөрүлүштө Юань империясын талкалап (1368), Кытай Моңголиядан бөлүнгөн. Куликовдогу салгылашуу (1380) Русту моңгол-татар эзүүсүнөн бошотуунун башталышы болгон. 14-к-дын 2-жарымында моңголдор Ирандагы, Закавказьедеги, 0. Азиядагы үстөмдүгүнөн ажырап, 14-к-дын акыркы чейрегинде Моңгол империясы толук кулаган.
Ад.: Хрусталев Д. Г. Русь от нашествия до «ига». 2-е изд. СПб., 2008; Вернадский Г. В. Монголы и Русь. М„ 2011.





