МОҢГОЛ ИМПЕРИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОҢГОЛ ИМПЕРИЯСЫ - 1206-ж. Чыңгызхан­дын жана анын жолун жолдоочулардын баскын­чыл согуштарынын негизинде түзүлгөн мамле­кет. Анын аймагы Дунайдан Япон деңизине, Новгороддон Түштүк-Чыгыш Азияга чейин жетип, аянты 33 000 000 км2ди түзгөн. Гүлдөп турган учурунда Борбордук Азия, Түштүк Сибирь, Чыгыш Ев­ропа, Жакынкы Чыгыш, Кытай жана Тибеттин көптөгөн аймактарын өзүнө камтыган. 13-к-дын 2-жары­мында империя улустарга бөлүнүп, аларды чың­гызиддер башкарып турган. Мункэнин бийлиги мезгилинде (1251-59) Моңголия, Түндүк Кытай, Корея, тангуттардын Си Ся падышалыгы, Борбордук жана Орто Азия, Закавказье, Иран, Афганстан ж. б. аймактарды камтыган. Орус жерлеринин бир топ бөлүгү Алтын Ордого көз каранды болгон. Империянын алгачкы борбору - Каракорум бол­гон, кийин 1264-ж. Ханбалыкка которулган. М. и-нын калдыктарына Юань империясы, Ал­тын Ордо, Хулагуиддердин мамлекети жана Ча­гатай улусу кирген. «КызылАскерлёр» көтөрулу­шунөн (1351-68) соң, Кытайдын аймагындагы моңголдордун Юань империясы кулап, Куликов салгылашынан (1380) кийин Алтын Ордонун Москва княздыгынын аймагындагы таасири төмөндөгөн. О. Азиядагы феод. бытырандылык жана ич ара салгылаштар 16-к-дын башында Чагатай улусунун кулашына алып келген. 13- к-Дын ортосунда М. и. ыдырай баштап, 14- к-дын аяк ченинде жоюлган.

Ад.: Монгольская империя и кочевой мир. Улан­Удэ, 2005-2006. Кн. 1-2; Крадин Н. Н., Скрыннико­ва Т. Д. Империя Чингис-хана. М., 2006.