МОҢГОЛ АЛТАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОҢГОЛ АЛТАЙЫ - Моңголия менен Кытайдын аймагындагы тоо тармагы. Түндүк-батыштан түштүк- чыгышты карай 1000 клгдей созулат. Эң бийик жери - 4362 м (Мунх-Хайрхан-Ула чокусу). Тек­тон. ойдуңдар менен бөлүнгөн жарыш кырка тоо­лордон турат. Жондору плато сымал, жайпак. Кыр бөлүгүндө төр жана асылма типтеги мөңгү­лөр жатат; алардын эң ириси - Потанин мөңгү­сү (Моңголиянын аймагында, аянты 50 кмг, уз. 19 км).

Кристаллдык сланец, порфир, гранит тектеринен түзүлгөн. Түштүк-батыш капталдары түндүк-чыгышына караганда нымдуураак келген­диктен, анда токой-шалбаалуу ландшафт (то­коюнда карагай, кара карагай басымдуу) тарап, андан жогору альп шалбаасы, төмөн талаа зо­налары жатат. Түндүк-чыгыш капталдарында та­лаа жана жарым чөл, тоо аралык ойдуңдарында жарым чөл басымдуу.