МОНТГОМЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОНТГОМЕРИ Аламейнский Бернард Лоу (17. 11. 1887, Лондон — 24. 3. 1976, ошол эле жер) - британиялык аскер ишмери, фельдмаршал (1944), виконт (1946). Епископтун үй-бүлөсүнөн. Сандхерсттеги аскер академиясын бүткөн (1908). Биринчи дүйнөлүк согушка (1914-18), экинчи дүйнөлүк согуштун (1939-45) башталышында Франциядагы жана Бельгиядагы согуштарга ка­тышкан. 1942-ж. август - 1942-ж. октябрь­ноябрь айларында Эль-Аламейндин жанында италян-немис аскерлерин талкалаган 8-англ. ар­мияга командалык кылган. 1944-ж. июнда Нор­мандияга түшүрүлгөн (1944, июнь) союздаш ар­миялар тобунун, 1944-жылдын августунан Бель­гияда, Нидерландда жана Түндүк Германияда со­гушкан 21-армиялар тобунун командачысы. 1945-ж. Германияда британиялык оккупация­лык аскерлердин башкы командачысы, 1946- 48-ж. империя Генштабынын начальниги, 1948- 51-ж. Батыш союздун Коргонуу кеңешинин башкы командачылар Комитетинин төрагасы, 1951- 58-ж. НАТОнун Европадагы куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысынын 1-орун басары болуп иштеген. Улуу Британиянын жана чет өлкөлөрдүн ордендери, анын ичинде СССРдин «Жеңиш» жана 1-дара­жадагы Суворов ордендери менен сыйланган.

Ад.: Залесский К.А. Кто был кто во Второй мировой войне. Союзники СССР. М., 2004.