МОНРО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОНРО (Мопгое) Мэрилин (өз аты-жөнү - Нор­ма Жин Бейкер Мортенсон, Вакег МогЪепсоп) (1. 6. 1926, Лос-Анжелес - 5. 8. 1962, Калифор­ния штаты, Брентвуд) - америкалык актриса, модель болуп иштеген. 1947-жылдан кинодо («Корку­нучтуу жылдар»), «Асфальтталган жунгли» жана «Бардыгы Еважөнүндө» (1950) фильмдерин­де эпизоддук ролдордо ойногон. Анын фильм­деги каармандары («Мырзалар сары кыздарды жактырат»,1953; «Миллионерге кантип күйөөгө чыгыш керек», 1954; «Маймылча жоруктар», 1952) - анткор сезимдеги, жеңил ойлуу образ­дар. 50-жылдары АКШда көрүнүктүү актриса­лардан болгон. Актёрлук техниканы өркүндөтүү менен, «Ниагара» мелодрамасы (1953), «Дарыя

кайдан кайтып келбейт» вестерни (1954), «Жетинчи жылдагы кычыт­кы» комедиясы (1955) ж.б. ар кандай жанрдагы фильмдерде ойно­гон. 50-жылдар­дын ортосунда Нью-Йоркто актёрдук студияда Л. Страсбергден окуган. 1956-ж. «Автобус аялда­масы» фильминде аткарган. 1957-ж.

эң татаал драмалык ролду

Лондондо «Канзаада жана хористка» (Л. Оливье койгон жана катышкан) фильмине тартылып жана каржылаган. Голивудда «Кээ бирлери өкүм­дүктү сүйөт» (1959, советтик прокатта «Жазда жалаң кыздар») жана «Сүйүү рахаты» фильмдерине тар­тылган. М-ун акыркы ролу «Айласыздар» (1960) фильминде анын драмалык мүмкүнчү­лүктөрү кеңири ачылган. М-ун өмүрү жана чыг­лыгы тууралуу «Мэрилин» (1963) киноантология­сы чыккан.

Ад.: Головский В. С. М. Монро. Жизнь и смерть. М., 2008; СпомоД. Монро. М., 2008.