МОНОПОЛИЯЛЫК БАА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:16, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОНОПОЛИЯЛЫК БАА - монополиянын ашык пайда табышын камсыз кылуучу товар баасы. М. б. демейде рыноктогу сатылган товар­дан түшкөн пайданын эсебине жараша ошол то­варды ээлеген монополисттердин өз ара макул­дашуусу аркылуу коюлат. М. б.„ өтө жогорку баа, анткени монополистти продукциянын өзүнөн түшкөн кирешеге караганда, жалпы өндүрүлгөн продукциядан түшкөн киреше кызыктырат.