МОНОГРАФИЯ
МОНОГРАФИЯ (моно... жана ...графия) - бир гана жаЗуучунун чыгармачылыгын же бир гана проблеманын урунттуу учурларын изилдөөгө алган илимий макалалар жыйнагы же китеп. Мисалы, Б. Керимжанованын «Акындын чыгармачылык жолу» (1960, Ж. Бөкөнбаев жөнүндө), М. Борбугуловдун «Учу-кыйырсыз жол» (1968), К. Бобуловдун «Жаңы тилке» (1991), К. Артыкбаевдин «К. Маликовдун чыгармачылыгы» (1992) ж. б. изилдөөлөр М-га кирет. М-лар илимдин бардык тармактары боюнча жазылат.