МОЛЕКУЛА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОЛЕКУЛА - берилген заттын негизги химиялык ка­сиеттерин алып жүрүүчү эң кичине бөлүкчө. М. бир же ар түрдүү элементтердин атомдорунан туруп, атом ядролору менен электрондордун бир­диктүү, кыймылдуу системасы катары жашайт. Атомдор М-га негизинен сырткы (валенттик) электрондору менен химиялык байланыш аркылуу би­ригишип, мейкиндикте белгилүү ирет менен жай­гашат. М-дагы химиялык байланыш бир, эки же үч жуп электрондор аркылуу ишке ашат да, алар химиялык байланыш менен бириккен эки атомго бир­дей тиешелүү болот. Байланышкан эки атом­дун касиеттерине жараша уюлдуу жана уюлсуз М. пайда болушу мүмкүн. Оң жана терс зарядда­рынын борборлору дал келишпесе уюлдуу, дал келишсе уюлсуз М. пайда болот. Уюлдуу М-ын туруктуу диполдук моменти болот, ал эми уюл­суз М-ыкы болбойт. Валенттик электрондор ме­таллдын атомунан металл эместин атомуна өтүп кетсе, анда иондор пайда болот. М-ы түзгөн атомдордун саны кеңири чекте өзгөрөт, мисалы, Н2, F2, СО ж. б. М-лар эки атомдон баштап, көп миндеген атомдорго чейин куралат. Бир атом­дуу М-да атом жана М. түшүнүктөрү бири бирине дал келишет. М-ын курамы химиялык формулалар менен туюнтулат. Заттын эмпирикалык форму­ласы (мисалы, суунуку - Н2О, метандыкы - СН4, этил спиртиники - С2Н.ОН ж. б.) жана анын молекулалык массасы химиялык анализдин натыйжасында М-ы түзгөн атомдордун сандык катыштарын анык­тоо менен табылат. Органикалык заттардын түзүлүш тео­риясы М-ын түзүлүшүн атомдордун ортосунда­гы байланыштардын иретин жана тартибин ча­гылдыруучу структуралык формулалар менен туюнтууга мүмкүндүк берди. Бирдей эмпирика­лык формулага ээ болгон М-лар ар түрдүү түзү­лүшкө жана касиеттерге ээ болот (изомерлер). Валенттик байланыштар менен бириккен эки атом­дун ортосундагы аралык (А) түрдүү бирикмелер­дин М-сында бирдей болуп, байланыштын эсе­лиги өскөн сайын азаят: С-С 1,54; С=С 1,34; С=С 1,20. М-ы түзгөн ар бир атом окистенүү даражасына жараша иондук, коваленттик же атомдук радиустары менен туюнтулат. Бул ра­диустар М-ы түзгөн атомдордун электрондук катмарынын өлчөмүн көрсөтөт. Валенттик бай­ланыштар менен бириккен атомдордун бири би­рине тыгыз жакындаша ала турган аралыкта­ры ван-дер-ваальс радиустары менен (А) туюнту­латынча М-дагы атомдордун коваленттүү байланыш­тары атомдук орбиталдардын гибриддик абал­дарына жараша мейкиндикте белгилүу бир бурч­тар боюнча жайгашат. Ошондуктан көп атомдуу М-лар мейкиндикте өзүнө таандык конфигура­цияга ээ болушат. Мындай байланыштардын ба­гыттары же конфигурациялары байланыш үзүл­мөйүнчө өзгөрбөйт. М. симметриясынын борбо­ру жана атомдордун жайгашуу багыттары дал келбесе, түрдүү изомерлер пайда болот. Азыркы мезгилде химиялык байланыш теориясы М-ы түзгөн атомдордун аралыгын, химиялык байланыштардын энергиясын, М-ын энергиясын ж. б. эсептөөгө мүмкүндүк берди. М. магниттик касиеттерине жараша парамагниттүү жана диамагниттүү болуп бөлүнөт. М-ын түзүлүшү рентгенструктура­лык анализ, нейтронография, электроногра­фия, спектроскопия ж. б. методдор менен изилде­нет. Жаратылышта жүрүп жаткан бардык про­цесс М-ын өз ара аракеттенүүсүнө жана айлануу­суна байланыштуу болгондуктан, М-ы изил­дөөнүн практикалык жана теориялык мааниси чоң.

Ад.: Слэтер Дж. Электронная структура молекул. М., 1965. Флайгер У. Строение и динамика молекул. М., 1982. Т. 1-2; Патевский В. М. Строение и фи­зико-химические свойства молекул и веществ. М., 1993. .. Т. Баидинов.