МОЙТ АКЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОЙТ АКЕ Алдаяр уулу (1750-1843, Ысык-Көл өрөөнү) - чечен, даанышман, ойчул, сынчы, мү­нүшкөр. Ал аба ырайынын кандай болорун ал­дын-ала айта алган тубаса астроном болгон. Арабча жаза да, окуй да билген. Ал ошондой эле ар кандай дарттын дабасын таамай билген табып­чылыгы болгон. «Ырыс алды - ынтымак», «Ын­тымагы бар элдин, айсыз кара түндө да, асма­нында күн турат. Ынтымагы жок элдин балда­ры иттей ыркырап, ачык-жарык күндө да, ас­манында түн турат» ж. б. нуска сөздөрү кылым­дан кылымга-өтүп, эл оозунда айтылып, учур­да да актуалдуулугун жоготпой келет.

К. Асанбеков.