МОЙДУНОВ Жумакадыр

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОЙДУНОВ Жумакадыр (1938-жылы туулган, Ош обл., Өзгөн р-ну, Кызыл-Кыштак кыш.) - жүгөрү өстүрүүчү, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1988). Эмгек жо­лун Өзгөндөгү курулуш­монтаж башкармасында жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. 1971-жылдан Өзгөн р-нундагы «Яссы» сов­хозунда ар кандай жумуш­тарда эмгектенген. 1976- жылдан ушул эле совходо жүгөрү өстүрүүчү бригадада звено башчысы болуп иште­генетикалык Анын звеносу 1987-ж. 56 га жердеги жүгөрунүн ар гектарынан 158,8 цден түшүм жыйнап алган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ор­дендери менен сыйланган.