МОДУЛЯЦИЯ
МОДУЛЯЦИЯ (латынча тос1и1а11о - сымбаттуулук, көрктүүлүк, үндөштүк) - жаңы тонго өтүү; 1) классикалык мажор-минор системасындагы тоналдуулуктун алмашуусу. М-ын алмашуучулук негизин эки тоналдуулукка бирдей жалпы добуштар жана үндөштүктөр түзөт. М-ы ишке ашыруу ыкмасы боюнча экиге (энгармониялык жана энгармониялык эмес) бөлүнөт; 2) орто кылымдагы музыка теориясында М. анын биримдигин жана ырааттуулугун мүнөздөөдө колдонулган.