МАРАКАЙБО (көл)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:01, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАРАКАЙБО - Венесуэладагы көл-лагуна. Маракайбо тектоникалык ойдуңунда, Венесуэла булу­ңунан түштүктө, аны менен тайыз (2-4 м) кысык аркылуу туташат. Аянты 16,3 миң клг2. Терең­диги түштүгүндө 250 лгге чейин. Көлдүн түштүк бөлүгү туздуу, түндүк бөлүгү мала туздуу. Жээги ойдуңдуу, саздуу. Кеме жүрөт. Көл аймагынан нефть казылып алынат. Кысыкта Маракайбо деңиз порту бар.