МИҢ-КУШ ӨРӨӨНҮ
МИҢ-КУШ ӨРӨӨНҮ Ички Теңир-Тоодо. Молдо-Тоо менен Кабак-Тоонун аралыгында, деңиз деңгээлинен 1400-3300 м бийикте жайгашкан. Узундугу 30 км, туурасы 2 км. Өрөөндүн башы Доңуз ашуусуна барып такалат. Негизинен кеңдик багытында созулган. Миң-Куш кыш-нан бир аз батышта түндүк-батышты карай имерилет да, төмөн жагында кайрадан кеңдик багытка өтөт. ТуюкСуунун чатынан төмөн капчыгайга айланат. Өрөөндү курчап турган тоолордун салыштырмалуу бийиктиги 1500-2100 жден ашык. М.-К. ө. Көкөмерен тибиндеги симметриялуу ичке, тар ойдуңдарга кирет. Төмөн жагында жана сол өйүзүндө неоген-палеогендин кумдук, чопо, мергель, алевролит, юра мезгилине таандык конгломерат, аргиллит, көмүр кездешет. Молдо-Тоо жагында астынкы карбондун сланец, кумдук, акиташ тектери, Кабак-Тоо тарабында гранит тектери жатат. Миң-Куш глиеж кени жана Ак-Улак көмүр кендеринин тобу бар. Климаты континенттик. Январдын орт. температурасы -11,8°С, июлдуку 17°С. Жылдык жаан-чачыны 372 мм; 80% тен ашыгы жаз, жай мезгилдеринде жаайт. Негизги суусу - Миң-Куш (куймалары: Чамынды, Туюк-Суу, Чоң-Таш). Ландшафты экспозициясына жана бийиктикке жараша өзгөрөт. Тескей тарабында сейрек карагайлуу токой жана көбүргөн-шимүүр-каз тамандуу шалбаа (2500- 3100 м), субальп, альп шалбаасы жана шалбаалуу талаа (3100 лгден жогору) ландшафттары ээлейт. Анда-санда карагай токойлору кездешет. Капчыгайда, суу бойлорунда терек, тал, кайың, баш жагында четин өсөт. Негизинен жайыт катары жана токой чарбасында пайдаланылат. Өрөөндө Миң-Куш, Сары-Булак кыш. жайгашкан. Мин-Куш - Чаек - Бишкек автомобиль жолу өтөт.