МИКРОЭЛЕМЕНТТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:10, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИКРОЭЛЕМЕНТТЕР — организмде эң аз кон­цент-да (проценттин миңден бир үлүшүндө жана андан да аз) болуучу жана анын тиричилиги үчүн өтө зарыл элементтер (В, А1, Ре, 2п, Мп, Си, Мо, Со, Л ж. б.). «М.» термини топурак, тоо тек, минералдуу суудагы айрым химиялык элемент­терди белгилөө үчүн да колдонулат. Тирүү орга­низмдердеги айрым М-дин ЗОдан ашыгы өсүмдүктөр менен жаныбарлар тиричилигиндеги керектүү зат болуп саналат. Көпчүлүгү металл (Ре, Си, 2п, Мп, Мо, Со ж. б.), айрымдары ме­талл эместер (I, 8е, Вг, Е, Ав). Организмде алар биол. активдүү кошулмалардын - ферменттер, витаминдер, гормондор жана дем алуу пигмент­теринин курамына кирет. Айрым М. өсүүгө (Мп, 2п, - жаныбарда; В, Мп, 2п, Си - өсүмдүктө), көбөйүүгө (Мп, 2п, Си ), кан пайда кылууга (Ге, Со, Си) ж. б. көмөк кёрсөтөт. Адам жана мал организминде М-дин көп же аз болушу эндемия­лык ооруларга алып келет. Малдын эндемия­лык атаксиясы Си жетишсиз болгондо, адам менен малдын богок оорусу Л, Со жетишсиздиги­нен келип чыгат. М-дин кем же ашыкча болу­шу өсүмдүктөрдү да илдетке чалдыктырат. Мөмө байлоосу, гүлдөөсү начарлап, чирип жана хлороз илдетине чалдыгат. Малдын эндемиялык ыла­ңында керек М. тоютка кошуп берилет, ал эми өсүмдүккө микрожер семирткичтер колдонулат. Малдын кунардуулугун жогорулатуу үчүн да ,М. пайдаланылат.