МИКРОТОЛКУН МЕШИ
МИКРОТОЛКУН МЕШИ - электр-магниттик нурлануу энергиясы менен иштөөчү жылыткыч түзүлүш. Анда тамак-аш өтө тез ысыйт жана бышат. М. м-нде ар кандай узундуктагы (миллиметрдик, сантиметрдик жана дециметрдик) диапазондуу радиотолкундар же өтө жогорку жыштыктагы электр-магнит талаасы пайдаланылат. Тамак-аш толук жылытылбай калганда бактериялар тирүү калып, уулануу коркунучу болот. 0. эле ө. ж. М. м. да бар. Анда дан ысытылып, курт-кумурскалардан арылтылат, ошондой эле жыгач кургатууда да пайдаланылат.