МЕТОД

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:10, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕТОД (грекче methodos - изилдөө жолу, теория, окуу) -1) билим берүүдө - балдарды окутуудагы жана тарбиялоодогу ыкмалардын, жолдордун, теориялык көрсөтмөлөрдүн жыйындысы, (к. Окуу методика); 2) т и л илиминде­белгилүү бир линг. теория жана жалпы эле тил­ди изилдөөдөгуыкмалардын, жолдордун, теориялык көрсөтмөлөрдүн жыйындысы; тилдин тигил же бул аспектисин изилдөө үчүн белгилүү бир тео­рияга, жыйынтыкка, эрежеге таянып, техникалык ка­ражат же иш куралы катары колдонулган көр­сөтмөлөр. М. - бул тилдин өнүгүүсүндөгү ар кан­дай ири этаптагы көз караштарга, линг. теория­ларга мүнөздүү болгон өзгөрүүлөр. Тил илимин изилдөөдө бир нече негизги М-дор колдонулат: салыштырма-тарыхый М. (башка тилдерге са­лыштыруу ыкмасы), структуралык М. (тилдик элементтердин бир багытта бири-бирй менен ка­тышы), конструктивдүү М. (конструктивдүү те­орияны жаратуу), сыпаттама М. (тилдик кубу­луштарды мүнөздөө, баяндоо, башкача айтканда синхрондук талдоо); 3) ад абият таанууда - көркөм метод: 1) бул же тигил тарыхый доордогу адабият жана искусство чыгармаларынын чындыкка карата эстетикалык мамилеси, предметти чагылдыруу­нун өтө кеңири жалпыланган принциби. Ар бир искусство чыгармасы белгилүү бир М-дун принцип­терине негизделет. Адабий М. адамзат коому­нун тарыхый өсүп-өңүгүшү, автордун дүйнөгө жеке көз карашы менен тыгыз байланыштуу. Ар бир доордун, мезгилдин өзүнө адабий М-ду бо­лот. Себеби жазуучу курчап турган идеялардын тиби, алардын өз ара мамилелерин билдирүүчү сүйлөшүү формалары, ар кандай турмуштук кон­фликттери, алардын этикасындагы нормалар­дын принциптери жеке жазуучуга гана эмес, жалпы доорго тиешелүү нерсе болуп саналат. М. ар кандай стилдеги көптөгөн өз алдынча сүрөткерлердин чыгармачылыгын жалпылап, алардын окшош белгилерин көрсөтүп турат. Заманбап дүйнөлүк адабий процессте кеңири пайдаланы­лып жаткан реализм М-уна чейин эле класси­цизм М-дору жашап келген. Көптөгөн жазуучу­лар ушул М-дордо классикалык баалуу чыгар­маларды жазып калтырышкан. Мезгилдин, эл­дин жашоо турмушунун, аң-сезиминин, дүй­нөлүк көз карашынын өзгөрүшү, адабий процесс­тин ургаалдуу өнүгүшү, жаңыланышы менен жаңы М-дор пайда болуп, ар бир М. өзүнүн таланттуу өкүлдөрүн жараткан. Айрым бир жазуучулар адегенде бир М-до чыгармачылыгын баштайт да, ки­йин башка бир М-го өтүп кетет. Адабий М-дон башка да адабий агымдар болушу мүмкүн, би­рок алар адабий процесстеги убактылуу гана жашоочу жалпыланбаган көрүнүштөр (мисалы, натурализм, сентиментализм, футуризм ж. б.); 2) адабиятты үйрөнүу принциптери. Ар кан­дай агым, теория өздөрүнүн көз карашына ыла­йык изилдөө М-ун иштеп чыгат, ошол М-дун чен-өлчөмүнө, табылгаларына салып, адабий чыгарманы текшерет, талдайт, багыттайт. Ада­бият таануу илиминин тарыхында маданий­тарыхый, эволюциялык, антропол., салыштырма, пси­хол. М. сыяктуу М-дор бар.