МЕТАЛЛОГЕНИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:10, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕТАЛЛОГЕНЙЯ (металл жана грекче geneia - жаралуу, түзүлүү, пайда болуу) - геология или­минин бир тармагы; геол. өрчүү тарыхынын негизги­этаптарына байланыштуу болгон ме­таллдардын пайда болуу шартына жана алардын жер кыртышында таралышын изилдейт. Тер­минди биринчи жолу илимге француз геологу Л. де’Лоне киргизген. Жер кыртышынын өнү­гүшүндө чөкмөлөрдүн топтолушу, тектоникалык кый­мылдар, магматизм процесси боюнча бири-биринен айырмаланган структуралык йри бөлүктөрдө металл кендеринин белгилүү гана топтору пай­да болот. Мындай процесс геосинклиналь жана платформа аймактарында түрдүүчө жүрөт. Ошондой эле бири-бирине окшош тектоника-магмалык жана кен пайда болуу процесстери дайыма

кайтала­нып турат. Мындай закон ченемдүүлүк Мененын негизин түзөт. М. илими кендүү жерлердин мей­киндик жана убакыт боюнча таралыш закондуулу­гун аныктайт; кен пайда кылуучу геол. шарт­тардын байланышын изилдейт; жаңы кендүү аймактарды ачат. Мындай изилдөөлөр геол. изилдөө жана чалгындоо иштерине белгилүү ба­гыт берип, эл чарбасынын өнүгүшүнө көмөк көрсөтөт. М-лык изилдөөлөргө төмөнкү ыкма­лар кирет: 1) ири аймактарды изилдөөдө кол­донулуучу аймактык М-лык анализ; 2) кенташ­тарды контролдогон кендүү райондорду дыкат изилдөөдө колдонулуучу М-лык анализ; 3) фор­мациялык анализ ж. б. М. тектоника, петро­графия, литология, кен байлыктар жөнүндөгү илимдер менен тыгыз байланышкан. Өзүнүн ме­таллогениялык курчоо, провинция, зона, түйүн сыяктуу изилдөөдөн металлогениялык доорлор, ал эми бирдей геол. шартта кенташтардын ок­шош топторун аныктоодон - металлогениялык провинциялар бөлүнөт. М. өз ичинен төмөнкү­дөй тармактардан турат: ж а л п ы (теориялык негиз­дерди жана кен байлыктардын жалпы таралуу закондуулуктарын изилдейт); аймактык (ири аймактардагы кен байлыктардын таралы­шын изилдейт); а т а й ы (өз ара байланышта болгон бир нече металлдардын тобун изилдейт). Эндогендик кендердин таралыш закондорун изилдесе, эндогендик М. деп, ал эми экзогендик кендердин тобун изилдесе, э к з о­г е н д и к М. деп аталат.

Ад.: Смирнов В. И. Очерки металлогении. М., 1963; Магакян И. Г. Металлогения. М., 1974; КривцовА. И. Прикладная металлогения. М., 1989.