МЕТАЛЛДЫК БАЙЛАНЫШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:13, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕТАЛЛДЫК БАЙЛАНЫШ - металлдардын атомдорун бириктирип турган химиялык байланыш­тардын бир түрү. Ал металл атомдорунун сырт­кы валенттик электрондорунун жалпылыгына негизделген. Металлдардын бардыгы (сымаптан башкасы) - кадимки шартта катуу заттар. Алар электр тогун жана жылуулукту жакшы өткөрү­шөт. Металлдардын мындай өзгөчө касиеттерге ээ болушу алардын кристаллдык торчосундагы өзгөчө мүнөзгө ээ болгон М. б-тын болушу менен түшүндүрүлөт. Металлдын кристаллдык торчо­лорунун түйүнчөлөрүндө металлдардын оң ион­дору жайгашат, ал эми алардын арасындагы боштуктарда электрондор эркин жылып жүрү­шөт да, терс заряддуу «электрондук газды» түзөт. Мындай электрондор оң иондордун тобуна жал­пы тиешелүү болуп, аларды бири-бири менен бай­ланыштырат жана металлдардын өзгөчө касиет­ке ээ болушуна негиз түзөт. М. б. электрондор­дун бир эле убакытта бир нече иондордун талаасында болушу менен өзгөчөлөнөт.