МЕРГЕЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:13, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕРГЕЛЬ - кальцит, доломит жана чоподон тур­ган чөкмө тек. Курамындагы карбонаттар менен чопонун санына жараша өз ичинен чополуу, акиташтуу, доломиттүү жана бор сыяктуу түр­лөргө бөлүнөт. Көбүнчө курамында 30-90% СаСО3 же М§СО3 болуп, калганын чопо түзөт. Өңү ачык түстүү, агыш, бозомук. Карбонаттуу, чополуу тектерде өз алдынча кабатча түрүндө кездешет. Көп тараган тектердин катарына ки­рет. Цемент даярдалат.