МЕРВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:10, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕРВ (фарсыча , Марв, кытайча , Ми1и) - О. Азиядагы байыркы шаарлардын бири. Мургаб

д-нын жээгинде (Түркмөнстанда­гы азыркы Байрам-Али ш-на жакын) жайгаш­кан. Мургаб (байыркы фарсча - Мургаш, грек­римче - Маргиана) д-нын боюндагы тарыхый аймак да «М.» аталган. 12-к-да дүйнөдөгү ал­гачкы чоң шаар болгон деген пикир бар (1145- 53-ж. шаарда 200 мйңден ашык адам жашага­ны аныкталган). М-дин урандылары 19-к-дын 80-жылдарынан изилдене баштаган. Археол. казуу убагында ар кайсы доордо курулган бир нече шаарча табылган. Анын эң байыркы бө­лүгү - Эрк-Кала шаарчасы Ахемениддердин

дооруна (биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын орто чени) таандык, аны курчап турган Гяур-Кала эллин­дердин тушунда (биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын аягы) курула баштап, Сасаниддерге (биздин замандын 3- 7-кылым) чейин салынган. Эң чоңу Султан-Кала (8о11ап£а1а) негизинен арабдардын (8-10-кылым) жана селжуктардын тушунда (11-кылым) курулган. Ал эми Тимуриддердин тушунда курулган шаарча Абдуллахан-Кала (АЬс1у11аЬап£а1а) деп аталган. Эрк-Кала (Егк§а1а) жазма маалыматтарда ал­гач «Авестанын» түшүндүрмөсүндө жана Бехис­тун жазмасында эскерилет. Александр Маке­донский караткандан кийин бир аз убакыт «Александрия» деп аталып, Селевкиддердин ту­шунда Маргиана аймагы, кийин Парфия, анан Сасаниддердин мамлекеттеринин башкы шаары, Омейяддар жана Аббасиддер династияларынын учурунда Хорасан провинциясынын борбору, ха­лиф ал-Момун убактылуу жашап турганда 813- 818-ж. мусулмандардын дүйнөлүк борбору болуп калган. 1037-жылы селжуктардын колуна өтүп, Алп Арслан жана анын тукуму Санжар султандын сөөгү М-ге коюлган. 13-к-да Хорезм шахына баш ийген, андан кийин моңголдор басып алган (1221). 1510-24 жана 1601-1747-жылы Персиянынка­рамагында, 19-к-да урандыга айланган. М-де Санжар султанга жана Мухаммед ибн Зейдге мав­золей (экөө тең 12-кылым) салынган. Бүткүл дүй­нөлүк мурастын тизмесине кирген.

«Байыркы Мерв» мамлекеттик тарыхыи-маданий паркы.

Ад.: Древний Мерв/Под редакциялык М. Е. Массона. Ашгабат, 1989; Древний Мерв в свидетельствах письменных источников. Ашгабат, 1994.