«МЕНИН СИДИМ ЖӨНҮНДӨ ЫР»
«МЕНИН СИДИМ ЖӨНҮНДӨ ЫР» («Е1сап1иг йе М1о СМ») - испан элинин баатырдык дастаны. Элдик ырчылар (хуглар) тарабынан 1140-жылдар чамасында жаралып, 13-к-дын башында жазылып алынган. Дастандын баш каарманы - тарыхый адам, рыцарь Руи (Родриго) Диас де Бивар (1040-99). Ал араб эзүүсүнө каршы испан элинин патриоттук күрөшүнө катышкан элдик баатырлардан болгон, ошон үчүн эл аны Сид (арабча «сеид» - төрө) деп атаган. Сиддин идеалдуу образына баскынчыларга жана феодал төбөлдөрүнө каршы күрөшкөн баатыр мүнөзү, элдин духу сиңирилген. Бул жаркын образ кийинчерээк европалык айрым жазуучулардын (П. Корнель, И. Гердер) реалисттик чыгармаларында кайра жаралган. Дастанда Батыш Европанын кээ бир эпикалык чыгармаларындагыдай христиандык мистицизм менен учкул фантастика жок.