МЕЛОДРАМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:10, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕЛОДРАМА (мело... жана драма) - 1) драма­тургия жанры; ыйман тазалыгы менен кара өз­гөйлүктүн күрөшүн курч сүрөттөгөн, эмоцияга жык, интригалуу пьеса. 18-к-дын 90-жылда­ры Францияда пайда болгон. Негиздөөчүсү - Р. Ш. Тиксерекур. 1830-40-ж. гүлдөө чегине жет­кен. Мененын мыкты үлгүлөрү (Ж. М. Монвель, Э. Сувестр ж. б-дын пьесалары) социалдык ка­лыссыздыкка, диний фанатизмге каршы чыгып,

элдин жакырчылыгын жана укуксуздугун айги­нелеген. Демократиялуулугу жана оюн-зоок көрүнүштөрү Мененын Европа театрында негизги орунду ээлешин камсыз кылат. Россияда М. 19- к-дын 20-жылдарында пайда болгон (Н. В. Ку­кольник, Н. А. Полевой ж. б. жазуучулардын пьесалары). Мененын элементтери азыркы кезде­ги кээ бир драматургдардын (А. Н. Арбузов, А. Д. Салынский ж. б.) чыгармаларында да бар; 2) кейипкердин монологу же диалогу музыка менен коштолгон музыкалык-драмалык чыгарма.

Ад.: Вознесенская Т. И. Литературно-драматический жанр мелодрамы. М., 1996.