МЕЙМАНКАНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:10, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕЙМАНКАНА, конок үйү - калктуу ко­нуштарда адамдар убактылуу жашаган мүлк ком­плекси, мекеме. Ал түрдүү (мотель, отелъ ж. б.) кызмат аткарат. Алгачкы М-лар байыркы мез­гилде пайда болуп, ири соода жолдорунда (мисалы, Улуу Жибек жолун­дагы Таш-Рабат кер­бен сарайы), диний зыярат жайларында (Меке, Рим ж. б.) жол тоомдорунда салын­ган. Коомдун өнүгүшү менен жер кезерлер менен саякатчылардын көбөйүшүнөн М-га кардарлар кескин өскөн. Мунун натыйжасында бүгүнкү күндүн талабына ылайык ар кандай тейлөө кыз­маты (эмереги менен өзүнчө бөлмө, коридор, жал­пы холл, ресторан, бассейн ж. б.) бар. М-лар (отелдер) пайда болгон. Алар кардарларды тар­туу үчүн ар кандай шарттары бар жылдыз бел­гилери (1ден 5ке чейин) менен белгиленип бөлүнөт. Кыргызстанда 5 жылдыздуу эң жогорку тейлөөсү менен «Хаят», «Ак-Кеме» ж. б. М-лар бар.