МЕЗОФИТТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:10, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕЗОФИТТЕР (мезо... жана грекче phyton - өсүм­дүк) - топуракта, абада ным жетиштүү (ашык эмес) учурда өсүүчү, б.а. ксерофиттер менен гид­рофиттердин ортосундагы өсүмдүктөр тобу. Алар мелүүн алкакта, тропик жана субтропик то­койлордо өсөт. Мелүүн алкакта өсүүчү М-ге жал­бырагы күбүлмө дарактар жана бадалдар, шал­баада (уй беде, ат конок ж. б.) жана токойдо (мон­чок гүл ж. б.) өсүүчү көпчүлүк чөптөр, ошондой эле айрым учурда боздоң жана чөлдө эрте жазда өсүүчү көп жана бир жылдык өсүмдүктөр (эфемерлер), көпчүлүк а. ч. өсүмдүктөрү (буудай, сулу, кант кызылча, соя, буурчак ж. б.), отоо чөптөр жана мөмө бактар (мисте, бадам, жүзүмдөн башкала­ры) кирет. Боздоң, шалбаа жана чөлдө өсүүчү М. - жарыкчыл; токой, бадал арасында өскөндөрү көлөкөчүл өсүмдүктөргө мүнөздүү.