МЕЗОПАУЗА
МЕЗОПАУЗА (мезо... жана латынча pausa - токтоо, үзүлүү) - атм-нын мезосфера (температура улам төмөндөгөн) жана термосфера (температура улам жогорулаган) катмарларынын ортосунда (80- 90 км бийикте) пайда болгон кабат. Аба темпрасынын эң төмөнкү деңгээлине туура келет.