МАХАЧКАЛА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:13, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАХАЧКАЛА (1857-1922-жылы Петровск­П о р т) - Дагстан Респ-нын борбору. Россияда­гы шаар. Чоң Кавказдын этегинде жайгашкан. Каспий деңизинин батыш жээгиндеги порт. Түркмөнбашы (Түркмөнстан) жана Ак-Тоо (Казак­стан) порттору менен үзгүлтүксүз т. ж. жана паром катташы бар. Калкы 469,0 миң (2010). Т. ж. бекети. Эл аралык аэропорту бар. М. аркылуу «Кавказ» федерациялык автомагистралы (Крас­нодар - Грозный - Махачкала - Азербайжан­дын чек арасы) өтөт. Эл аралык аэропорту - Уйташ. 1857-жылдан Петровск порт шаары, 1860-жылдан Дагстан облусу уезддик шаары. 1921-94-ж. Дагстан АССРинин, 1994-жылдан Дагстан Респ-нын борбору. М. - Дагстандын алдынкы ө. ж. борбору. Машина куруу [анын ичинде Гажиев атындагы завод (кеме башкаруучу тетиктер, насос, куур, ийкемдүү металл түтүктөр), «Авиа­агрегат» (аэродром жабдуулары, самолётторду жерден тейлөөчү каражаттар, авиатехника, жеңил машина үчүн ж. б.)], нефть ажыратуу («Каспий-1»), эмерек («Каспий»; мектептер жана медициналык мекемелер үчүн), кебез-кездеме («Каспий­ская мануфактура»; катуу марля), тор кездеме, байпак-батек буюмдар («Дагтекстиль»), тери өң­дөөчү, жүн жана мех, металл иштетүү, химиялык, тек­стиль, тамак-аш, курулуш материалдар ө. ж. ишканалары, «Эльгав» (микросхемалар, тран­зисторлор ж. б.), «Дагтелекомс» (үн жазуучу ап­параттар), «Сапфир» ИИИ (автомат радиопелен­гаторлор), айнек була өндүрүшү, «Каспийвинп­ром», шампан-шарал жана спирт заводдору иштейт. Пиво кайнатылат. Минерал суулар куюлат. Шаар­дын экономикасындагы негизги тармактар­дын бири - транспорттук кызмат көрсөтүү. М. - Каспий деңизиндеги тонбогон жалгыз порт (2008-жылы 5 миллион гжүк ташылган). Россия ИАнын Дагстан илимий борбору (10дон ашуун илимий мекеме­ни камтыйт), 5 ЖОЖ (анын ичинде Дагстан университети), а. ч. жана медициналык академиялары, 23 мамлекеттик эмес ЖОЖ (анын ичинде филиалдар), китепканалар, 5 театр (анын ичинде опера жана балет), «Лезгинка» бий ансамбли, музейлер, эстеликтер ж. б. бар. Дагстан рево­люционери Махач Дахадаевдин ысмынан атал­ган. Эл аралык фольклор жана «Горцы» салттуу маданият (2004) фестивалдары өткөрүлүп турат.