МАХАТХИР МОХАМАД

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:13, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАХАТХЙР МОХАМАД, Махатхир бин Мохамад Датук Сери (20. 12. 1925-жылы туулган, Хедах штаты, Алор-Сетар) - Малайзиянын мамлекеттик жана саясий ишмери. 1953-жылы Сингапур ун­тинин медициналык факультетин бүтүргөн. Саясий карьерасын 1946-жылы Бириккен малайзиялык улуттук уюм­га кирүүдөн баштаган. 1964-69- жана 1974-жылы пар­ламенттин мүчөсү. 1974-81-ж. билим берүү ми­нистри, 1981-2003-жылы Малайзиянын премьер­министри. М. М. премьер-министр болуп иштеп турганда Малайзия экономикасы начар өнүккөн агрардык өлкөдөн экономикасы жогору өнүк­көн алдынкы мамлекеттердин катарына кошул­ган. М. М-дин демилгеси менен Малайзияда 1971- 90-ж. Жаңы экономикалык саясат жана 1991-2000-жылы Улуттук өнүгүү саясаттары жүргүзүлгөн. 2012- жылдын сентябрь айында М. М. Кыргызстанга келип, эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, достук байланыштарды чыңдоо жана өлкөнү өнүктүрүү иш-тажрыйбаларын кеңири бө­лүшкөн.

Ад.: Доктор Махатхир Мохамад. Политик и лич­ность. М., 2000.