«МАХАБХАРАТА»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:10, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«МАХАБХАРАТА» (санскритче - «Улуу Бхара­та жөнүндө жомок») - инди элдеринин мону­менттүү эпосу. Индиянын түндүгү менен түндүк-ба­тышындагы элдер арасында оозеки айтылган жомоктор менен уламыштардын негизинде жарал­ган. Анын башаты биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын 2-жарымына таандык. Азыркы абалындагы формасы биздин замандын 1-миң жылдыгынын орто ченин­де түзүлгөн. «М.» эпосунун борбордук сюжетин Хас­тинапура (азыркы Дели) ш-н бийлөөнү ниет кыл­ган күчтүү эки уруунун жана алардын талапташ­тарынын ортосундагы согуш окуялары ээлейт. Ал окуялар эпопеянын айтылуу автору Вьяс ж. б. каармандардын атынан баяндалат. «М.» да башка эпостор сыяктуу фольклордук мүнөз­дөгү бир нече киринди окуяны камтыган 18 ки­тептен турат. Алар - «Шакунтала жөнүндө баян», «Рам жөнүндө жомок», «Матсья жөнүндө баян», «Шиви падыша жөнүндө баян», «Нал жөнүндө жомок», «Савитра жөнүндө баян», ки­йинчерээк пайда болгон «Бхагавадгита» философиялык поэмасы ж. б. 18-к-дын акырында «Бхагавад­гита» поэмасы англис, немис тилдерине кото­рулуп, Европа элдерине тараган. Албетте, эпо­пея айрым улут тилдерине которулганда, доор­го жана конкреттүү улуттук чөйрөгө жараша эпикалык окуялар олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болуп турган. «Мененын» үч китеби англисчеден орусчага которулган (1950-67). «М.» эпосун изилдөөдө Ф. Бопп, Л. Шрёдер, X. Лассен, С. Соренсен, Г. Бюлер өңдүү европалык окумуштуу­лардын кошкон салымы зор.

Ад.: Илъин Г. Старинное индийское сказание о ге­роях древности «Махабхарата». М., 1958; Грин­цер Н. А. Древнеиндейский эпос: генезис и типология. М., 1974; Невелева С. А. Махабхарата: изучение древнеиндийского эпоса. М., 1991.