МИҢ БАШ
МИҢ БАШ (Уассаг1а) - өсүмдүктөрдүн чеге гүлдүүлөр тукумундагы уруусу. Бир түрү - айдоо М. б-ы - өтө зыяндуу отоо чөп. Сабагы (бийиктиги 30-70 см) тик өсөт, уч жагы жыш бутактуу. Жалбырагы (Узундугу 4-9 см, туурасы 0,5-4 см) жөнөкөй, сүйрү, сабаксыз, тушташ жайгашат. Күлгүн кызгылт калкан сымал топ гүлү сабагы менен бутагынын учунда өсөт. Мөмөсү - көп уруктуу тоголок кутуча. Бир өсүмдүктө 400-500 урук болот. Уругу эгилме өсүмдүктөрдүн даны менен тең бышат. Жаздык эгин айдалган жерге көп өсөт. Зыгыр менен таруунун данына түшсө, кыйынчылык менен тазаланат. М. б. Европа, Азия, Америка, Жаңы Зеландия, Австралияда көп таралган. КМШ өлкөлөрүндө Борбордук Азияда (анын ичинде Кыргызстанда) ж. б. жерлерде өсөт. Уругу уулуу (курамында сапонин бар). Унга кошулуп кетсе, нан ачуу, көгүш тартып калат. Каршы күрөшүү чаралары: эгиндин, зыгырдын үрөнүн М. б. уругунан тазалоо, М. б-тын кыштап калган өнүмдөрүн жаз алды менен жок кылуу ж. б.