МИНУСА ОЙДУҢУНДАГЫ «КЫРГЫЗ» ТОПОНИМДЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИНУСА ОЙДУҢУНДАГЫ «КЫРГЫЗ» ТОПО­НИМДЕРИ — Минуса ойдуңундагы кыргызга тиешелүү аталыштар. Минуса аймагынын (Хыр­гыс-Хакасия) Россияга бириктирилишине че­йинки аталыштарында көп кезиккен. Азыркы­га чейин да сакталып калгандары бар. Мисалы, Уйбат жана Бидна д-на уланган байыркы кыр­гыз каналдар - Хыргыс аргылары; Аскиз айма­гындагы Ары-Таг тоосунун жанындагы байыр­кы суу аккан кыргыз арыгы - Хыргыс аргыча­гы; кыргыз тыйындары табылган дөбөлөр - Хыргыс ахчалыг хыр; Ак Июс д-на жакын жер­деги жез тыйындар табылган дөбөлөр - хыргыс көдреси (кыргыз сазы); кыргыздар мекендеген Ус д-на жамаатташ аталган аймактар - хыр­гыс көшкен хол (кыргыздар көчүп өткөн бел) деп аталат. Булар менен кошо Мрасу д-нан Ко­бырда д-нын чатына чейинки тоонун бели, Чу­лум д-на жакын жайгашкан көл, Бейка д-н туташтырган байыркы канал, Табат, Кара Июс д-нын ойдуңундагы дөбөлөр жана атайын ку­рулган аң түрүндөгү коргонуу дубалдары, Божье д-на чукул орун алган ашуу (Хыргыс Пили - Кыргыз бел), Кичи Абакан д-нын куймасы, Ени­сейдин сол куймасы (Кыргыс-Суг) да кыргыз то­понимдерин алып жүрөт. Ал эми кыргыздарга тиешелүү көрүстөн-эстеликтер (хыргыс сөөктөри) 12 жерден табылып, аны жергиликтүү эл «кыргыз жоо­керлеринин бейиттери» деп аташат. Булардан тышкары кыргыздар чыккан жол (хыргыс сых­хан чол); кыргыз көрүстөндөрү (хыргыс сынра­ды); кыргыздар айылы (хыргыстар аалы); кыр­гыз өндүрүшү жайгашкан жер (хыргыс тогын­ган чир); кыргыз устаканалары (хыргыс узан­ган чир); кыргыз булактары (хыргыз хара суг); кыргыз жолу (хыргыс чолы); кыргыз талаасы (хыргыс чазы) ж. б. сыяктуу аталыштар көп

жолугат. Хакастардын тарыхый фольклорунда теңир-тоолук кыргыздарда айтылган «40 кыз» тууралуу уламыш кезикпейт, кыргыздардын жа­ралышы «ак чач кызга» («хыр хыс») байланыш­кан. Бирок 12-к-дагы кытай хроникасында (Юань ши) Хань жеринен (Кытай) келген 40 кыз Ус д-нда (Енисейдин оң куймасы) жашаган эр­кектерге турмушка чыгып, Енисей кыргыздары­нын аталышы ушул окуяга (40 кыз) байланы­шып калганы эскерилген. М. о. «к». т. менен те­ңир-тоолук кыргыздардын этностук байланы­шынын тарыхын (башкача айтканда бөлүнүү процесси кайсы мезгилде жүргөнүн) изилдөөдө бирдей көз ка­раш жок, к. Кыргыздар. О. Каратаев.