МИНИАТЮРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:09, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИНИАТЮРА (фр. miniature - киноварь деген­ден) - 1) сүрөт искусствосунун көлөмү чакан, өтө чебер иштелген чыгармасы. Көркөм сүрөт иск­восунда текстти иллюстрациялоо жана кооздоо максатында кол менен жазылган китеп баракча­ларындагы түстүү же бир түстөгү сүрөт. «М.» тер­мини айрым адабий жана музыкалык чыгармаларда кол­донулганы менен живопись жана графикада (айрык­ча портрет) өзгөчө мүнөзгө ээ. М. негизинен ки­тептерде автордун аты-жөнүн, китептин аталы­шын наамын ж. б. кооздоо үчүн колдонулган. Китептик М. байыртадан эле белгилүү, мисалы, Байыркы Египеттеги «Шейиттер китебинде», Го­мердин «Илиадасында» (500-ж. ч., Амброзиан китепканасы, Милан). Байыркы Руста 14-к-дын аягына чейин аны пергаментке, көбүнчө жу­муртка боёктору менен тартып келишкен. 18-к-да портреттик М. кеңири тараган. Россияда М. неги­зинен диний китептерди кооздоодо колдонул­ган (Остромир инжили, 1056-57, Санк-Петер­бургдагы М. Е. Салтыков-Шедрин атындагы калк китепканасы). М. тартуу Украинада («Пересоп­ницаинжили», 1556-61), Арменияда («Эчмиад­зин инжили», 989), Грузияда («Мцхета псал­тыры», 10-кылым) да кеңири таралган. Менены ар түр­дүү материалдарды (май, эмаль, гуашь, аква­рель) колдонуу менен жыгачта, металлда, пил сөөгүндө, пергаментте, кагазда лупа аркылуу пунктир же майда штрих техникасы менен атка­рышкан. М. искусствосунан портреттик Менены айыр­малай билүу керек. Портреттик М. - тамеки ку­тучаларынын, кол сааттардын, оймоктордун, медальондордун бетине түшүрүлгөн чакан фор­маттагы (1,5тен 20 смге чейин) живопистик пор­треттин түрү. Портреттик М. 19-к-дын орто че­нинде дагеротипия менен фотографиянын таралы­шына байланыштуу жок болуп кеткен; 2) маз­муну жана композициясы чакан аңгеме, очерк, ошондой эле айрым бир сценалык чыгармалар да М. деп аталат.