МИЛЯНФАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:09, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИЛЯНФАН — Чүй облусу Ысык-Ата р-нун­дагы кыштак. Милянфан айыл аймагына ка­раштуу. Деңиз деңгээлинен 660 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору жана т. ж. бекети Кант ш-нан 17 км түндүк тарапта. Кыштак 1926-жылы негизделген. Калкы 4477 (2009); негизинен дыйкан чар­баларында эмгектенет. Орто мектеп, китепка­на, кесиптик-техникалык окуу жайы, маданият үйү, оору­кана, дарыкана, турмуш-тиричилик кызматы­нын бөлүмдөрү бар. Кыштакта Советтик Союз. Баа­тыры М. Ванахунга эстедик тургузулган.