МИКОРИЗА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИКОРИЗА (грекче mykes - козу карын жана rhiza - тамыр) - козу карындын мицелийи менен татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн тамырынын өз ара пайдалуу симбиозу. Айрым аскомицеттер жана базидимицеттер М. пайда кылат. М. эктотроф­туу жана эндотрофтуу болуп бөлүнөт. Э к т о т­р о ф т у у М-да козу карын тамырдын учтарын каптайт. Бул М. көбүнчө базидиомицеттер менен токой дарактарынын (эмен, кайың, мырза ка­рагай ж. б.) тамырында кездешет. Бул өсүмдүктөрдүн тамыр түктөрү куурап, анын мил­детин козу карын аткарат. Эндотрофтуу М-да козу карын тамыр кабыгынын клеткала­рында жана клетка арасында да жайгашат. М-да козу карындын мицелийинин өрчүшүнөн улам татаал түзүлүштүү өсүмдүк тамырынын соруу бети чоңоёт да, топурактан сууну, азык заттар­ды көбүрөөк алат. Козу карындар мындан тыш­кары витамин сымал жана өсүүнү тездетүүчү зат­тарды да бөлүп чыгарып, өзү өсүмдүктөн органикалык заттарды алат. Айрым өсүмдүктөрдүн уругу (мисалы, орхидеялар) козу карындар болгондо гана өсүп жетилет.