МЕТЕОРОГРАФ
МЕТЕОРОГРАФ (грекче meteora - атм. кубулуш жана ...граф) - атм-нын температурасын, басымын, нымдуулугун, кээде аба агымдарынын ылдамдыгы автоматтык түрдө каттап туруучу прибор. Термограф, барограф, гигрограф, анемографтан турган түзүлүш. Өлчөнгөн кубулуштар саат механизми орнотулган барабандагы тасмага синхрондуу жазылат. Шар-зонд, аэростат, самолёт, ракетага орнотулат.