МЕТАМОРФОГЕН КЕНДЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕТАМОРФОГЕН КЕНДЕРИ - тоо тектердин ме­таморфизм процессинде жогорку температура менен күчтүү басымдын таасиринен келип чыккан минералдык заттардын чогундусу. Алар мета­морфизмделген жана метаморфизм кендери болуп бөлүнөт. Метаморфизмделген кен­д е р аймактык жана жергиликтүү (чектелген аянтта гана болуучу) метаморфизм процессинин мур­дагы кендерге тийгизген таасиринен пайда бо­лот. Мындай кендер деформацияланып, мета­морфизмделген тектерге мүнөздүү касиеттерге ээ болот. Сланецтелген була сыяктуу текстуралар, гранопласт структуралары өнүгөт. Аморфтуу заттар кристаллдашат, борпоң минералдардын көлөмдөрү кичирейип, катуу минералдарга ай­ланат. Метаморфизмделген кендердин басымдуу көпчүлүгү кембрийге чейин пайда болгон фор­мацияларда кездешет. Метаморфизм к е н д е р и тоо тектер метаморфизм процесси­не учурап жатканда жаңыдан пайда болот. Аки­таш мраморго, кумдуктар кварцитке, чополуу тектер сланецке өтүп кетет. Боксит наждакка айланат.

Ад.: Елисеев Н.А. Метаморфизм. 2-е изд. М., 1963; Белевцев Я. Н. Метаморфогенное рудообразование. М., 1979; Старостин В. И., Игнатьев П. А. Геология полезных ископаемых. 2-е изд. М., 2006.